Йеменде чабуул учурунда "Аль-Каиданын" 800 согушкери жок кылынды

© REUTERS / Khaled AbdullahЙемен аскерлери. Архив
Йемен аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга йемендик аскерлер "Аль-Каиданын" колунан Эль-Мукалла шаарын бошотуп алгандыгын билдирген.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Йемен аскерлери менен араб коалициясынын чабуулу учурунда өлкө түштүгүндө "Аль-Каиданын" 800гө чукул согушкери өлдү. Бул туурасында РИА Новости SPA маалымат агенттигине таянып кабарлады. 

"Операциядан "Аль-Каиданын" 800гө чукул мүчөлөрү жана кээ бир лидерлери жок кылынды. Алардын арасында качып кеткендер да болду ", — деп жазган агенттик коалиция башчылыгынын маалыматына таянып. 

Йемендик аскерлер буга чейин "Аль-Каиданын" колунан согушкерлердин таянычы болуп турган Эль-Мукалла шаарын бошотуп алгандыгын билдирген. Буга чейин Сауд Аравия башында турган араб коалициясы шаарда жайгашкан согушкерлердин штаб-квартирасына сокку урган. Аскер күчтөрү бул сапар согушкерлерден жооп иретинде сокку алган эмес, алар Хадрамаут жана Шабва провинцияларын көздөй чегинип кеткен. 

БУУ: Йеменде 2015-жылдын март айынан бери алты миң адам каза болду
Йеменде куралдуу чыр-чатактар дагы деле уланууда, бир жагынан шииттердин "Ансар Алла" кыймылынан чыккан хуси — козголоңчулар, экинчи жагынан экс-президент Али Абдалл Салех армиясынын бир бөлүгү, ал эми үчүнчү тараптан президент Абд Рабб Мансур Хадиден куугунтук жегендер чыгып жаткан кез. Үчүнчү күчтөрдү абадан жана жерден араб коалициясы колдоп турат деп айтылат. Коалиция авиациясы 2015-жылдын 26-мартынан тарта козголоңчулар көзөмөлдөп турган райондорго чабуул жасап келет. Хадини колдоо үчүн кургактагы аскерлердин саны бир катар маалыматтарда 10 миң адам экендиги маалымдалат. 

Йемендин түштүгүндө "Араб жарым аралындагы Аль-Каида" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдары жайгашкан. Андан сырткары, өкмөттүк күчтөр өлкөнүн түштүк провинциясында 2007-жылдан бери пайда болгон "Түштүк кыймылы" кагылышып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0