Россия менен Кытай биргелешип башка планеталарды иликтөөгө ниеттенип жатат

© NASAЖер планетасы. Архив
Жер планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Роскосмостун башчысы Игорь Комаров Кытайдын комостук башкаруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси менен кызматташуу тууралуу сүйлөштү.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия менен Кытай биргелешип башка планеталарды иликтей тургандыгын "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын жетекчиси Игорь Комаров билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Кытай Марсты орустар менен биргелешип изилдөөгө кызыккандыгын билдирген. Андан сырткары, Ай боюнча долбоорлор тууралуу да сөз болгон.

"Биз Кытайдын улуттук космостук администрациясы менен кызматташуунун негизги багыттарын талкууладык. Алар менен иштин азыркы абалын жана келечектүү долбоорлорду сөз кылдык",— деген Комаров.

Ал эки тарап жердин орбитасынын айланасында жана учууларды уюштуруу программасы жаатында эксперименттерди биргелешип жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр башталгандыгын кошумчалады. 

Кытай 1970-жылдын 24-апрелинде "Дунфанхун-1" деп аталган жердин жасалма жандоочусун учурган. Ал мезгилден тарта аталган өлкөдө 24-апрель Космонавтика күнү катары белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0