Япония карыган фермерлерди роботко алмаштырат

© AP Photo / Hiro KomaeЯпониядагы фермер. Архив
Япониядагы фермер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фермердик чарбаны автоматташтырууга жана роботтордун 20дай түрүн түзүүгө 36 миллион доллар жумшоо пландалып жатат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Япония бийлиги азык-түлүк жетишсиздигине кабылуудан сактануу үчүн карыган фермерлерди роботтор менен алмаштырууну көздөп жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты.

Айыл чарба министрликтеринин жетекчилери чогулган "Чоң жетилик" саммитинде Япониянын айыл чарба министри Хироши Дайдо роботторду чыгаруу, фермерлердин көпчүлүгү улгайган жашта болуп жаткандыгына байланыштуу экенин айткан. 

Маалыматка ылайык, орто эсеп боюнча Япониядагы фермерлер 67 жашта. Фермердик чарбаны автоматташтырууга жана роботтордун 20дай түрүн түзүүгө 36 миллион доллар жумшоо пландалып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0