Японияда тогуз күн ичинде 800гө чукул жер титирөө катталды

© REUTERS / KYODOСпасатели на месте разрушенного дома от оползня в городе Минамиасо, Япония.
Спасатели на месте разрушенного дома от оползня в городе Минамиасо, Япония. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 48 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми жүзгө жакын жашоочу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Японияда 14-апрелден бүгүнкү күнгө чейин тогуз күн ичинде 800гө чукул жер титирегенин өлкөнүн метеорология кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркыга чейин жер астындагы силкинүүлөр уланып жатат.

Биринчи жер титирөө 14-апрель күнү Япониянын түштүк-батышындагы Кюсю аралында катталып, жер силкинүүсү 6,5 магнитуда болгон. Ал эми кийинки жер титирөө 7,3 магнитудага жеткен.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда жер титиреди
Жер алдындагы силкинүүлөр көбүнесе Кумамото менен Оита аймактарында байкалган.

Беш күн мурун Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө катуу жер титиреп, магнитудасы 7,3кө жеткен. Кырсыктын айынан үйлөр урап, унаа жана темир жолдор бузулган. Андан бери жер астындагы силкинүүлөр токтобой келет.

Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 48 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 жашоочу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Эпицентри Кумамото шаарына жакын жайгашкан бул жер титирөө 2011-жылы Япониядагы болгон цунами трагедиясынан кийинки ири кырсык болуп калды. Ал учурда 15 метрлик толкун келип Фукусима АЭСин талкалап, дүйнө боюнча Чернобылдан кийинки радиациялык кооптуулукту жараткан абал түзүлгөн. Андан каза таап жана өлүү-тирүүсү белгисиз болгон адамдарды саны 20 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0