Мексикадагы жарылуудан каза болгондордун саны 24 адамга жетти

© REUTERS / STRINGERСолдаты на месте взрыва на химическом заводе в Мексике
Солдаты на месте взрыва на химическом заводе в Мексике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Веракрус штатындагы Коатсакоалькос шаарындагы мунай компаниясында болгон. Буга чейин 13 адам өлүп, 136ы жарадар болгону кабарланган.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Веракрус штатындагы Мунай химиялык заводдо жарылуу болуп, андан каза тапкандардын саны 24 кишиге жетти. РИА Новости бул маалыматты Pemex компаниясына таянып билдирди.

Буга чейин 13 адам өлүп, 136ы жарадар болгону кабарланган. 

"Pemex компаниясынын жетекчиси жарылуудан каза болгондордун саны тилекке каршы, 24 адамга жеткендигин, 19 адам ооруканага жеткирилип, алардын ичинен 13ү оор абалда жаткандыгын билдирген", — деп айтылат ишкананын Twitter баракчасында. 

Бейшемби күнү кечинде Мексиканын президентинин администрациясы мамлекет башчысы Энрике Пенья Ньето техногенндик кырсык болгон жерге барып, каза тапкандар менен жарадар болгондордун туугандары менен сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0