Крым туристтик маалга карата КР жарандарына 500 жумушчу орун бөлүшү мүмкүн

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКрым жээгиндеги адамдар. Архив
Крым жээгиндеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ялта-Интурист" мейманканасында иштегиси келгендер Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы маалыматтык-кеңеш берүү борборунан толук маалымат алса болот.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Крымдын маалыматтык-кеңеш берүү борбору менен Кыргызстандан жумушчуларды тандоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Келишимге май айынын ортолорунда кол коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Крымдагы Кара деңиздин жээгиндеги курорттук борбордо орун алган "Ялта-Интурист" мейманкана комплексинен кыргызстандыктарга 500 жумушчу орун бөлүнүшү мүмкүн.

Ак-жол чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туроператорлор ЕАЭБден пайдаланып, туристтердин агымын көбөйтүүнү сунушташты
Негизинен мейманканадагы бөлмөлөрдү жыйноого, ашканада түрдүү иштерди жасоого жумушчулар талап кылынат. Ошондой эле официанттарга болгон суроо-талап күч.

Жумуш берүүчү кызматкерлерди Кыргызстандан Ялтага бекер алып кетет. Андан сырткары жаткан жери, үч маал тамагы жана кызматтык кийимдер камсыздайт.

Туристтик маал аталган аймакта 1-майдан 1-ноябрга чейин созулат. Жумушчулар алты күн иштеп бир күн бош болуп, күнүнө 10 сааттан иштейт. Айлык акысы 20 миң рублден башталат.

"Ялта-Интурист" мейманканасында иштегиси келгендер Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы маалыматтык-кеңеш берүү борборунан толук маалымат алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0