Жер титирөөдөн жабыркаган Япония эми мародерлордон жапа чегүүдө

© REUTERS / KYODOЯпониядагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөр. Архив
Япониядагы жер титирөөдөн кыйраган үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан улам башка жакка кетүүгө аргасыз болгон жашоочулардын үйүнөн каракчылар баалуу буюмдарды, акча каражаттарын алып кетишкен.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Беш күн мурун ири жер титирөө болгон Япониянын Кумамото префектурасында мародерлор үйлөрдү карактаган 14 факты катталганын NHK телеканалына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 400дөн ашты
Бүгүнкү күнгө карата алынган акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн каза болгондордун саны 47 кишиге жетти. Мындан тышкары, жалпы жонунан 671 силкинүү болуп, анын 89нун күчү 4 баллдан ашып катуу жер титирөө катары катталган. Натыйжада Кумамото жана Оита префектураларында 9 миңге жакын турак жай талкаланган. Ал эми эвакуациялык пункттарда 120 миңге чукул адам баш калкалап турат.

Маалыматка ылайык, каракчылар кыйроодон улам бош калган үйлөрдөн баалуу буюмдарды, акча каражаттарын алып кетишкен. Буга окшогон 14 факты катталгандан кийин жергиликтүү полиция аймакты күн-түн көзөмөлгө алды. 

Мародерлук буга чейин Япония өлкөсү үчүн таптакыр жат көрүнүш эле. Мындан беш жыл мурун Японияда катуу жер титиреп, андан кийинки цунамиден соң бир да үй, дүкөн каракталбай, керек болсо деңиз жээгинен табылган акча жана баалуу буюмдар полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Жалпы жонунан күч кызматкерлерине 34 миллион доллар тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0