Россиялык космонаваттар космосто калемпир өстүрүшөт

© Sputnik / Алексей Панов / Медиабанкка өтүүБолгарский перец на прилавке. Архивное фото
Болгарский перец на прилавке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперименттин максаты — фундаменталдуу биология жана өсүмдүктөрдү космос шартында өстүрүү боюнча технологияны сынап көрүү.

БИШКЕК, 20-апр. — БИШКЕК. Россиялык МКС-49/50 экипажынын мүчөлөрү Андрей Борисенко менен Сергей Рыжиков Эл аралык космостук станцияга "Өсүмдүк" деп аталган экспериментти алып чыгууну пландап жатат. Бул туурасында Космонавттарды даярдоо борборунун өкүлү кечээ билдирди.

Эксперимент ыкмасын көрсөткөн алгачкы сабак Космонавттарды даярдоо борборунда өттү. Космонавттарга космос мейкиндигине кошо ала кетип үч айдан ашуун өстүрө турган таттуу калемпир тууралуу айтып беришти. Оранжерея "Лада" деп аталган. Окумуштуулар ааламга алып чыгыла турган өсүмдүк боюнча так кесе пикирге келише элек, алар дагы башка вариантты сунуштоону ойлонуп жатышат. 

"Жаңы аппаратуралар, анын куралышы, жыйналышы менен тааныштык. Бизге өткөн жолу учканда урукту кантип себүүнү көрсөтүп беришкен. Бул сапар модификацияланган оранжереяны алып кетип жатабыз. Анда жаңы программадагы ченеп, өлчөгүчтөр жана жаңы дисплей орнотулуптур", — деди лётчик-космонавт Андрей Борисенко.

Эксперименттин максаты — Россиянын Илимдер Академиясынын медициналык-биологиялык Институту иштеп чыккан фундаменталдуу биология жана өсүмдүктөрдү космос шартында өстүрүү боюнча технологияны сынап көрүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0