Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 400дөн ашты

© AFP / Ariel OchoaЖер титирөөдөн кыйраган үйлөр.
Жер титирөөдөн кыйраган үйлөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда куткаруучулар урандылардын алдында калышы мүмкүн делген кишилерди издөө иштерин улантууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Эквадордогу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 413 кишиге жеткенин өлкөнүн коргоо министри Сесар Навас билдирди.

Япониядагы зилзала кесепетинен жарадар болгондордун саны 1200гө чукулдады
Ал ошондой эле урандылардын алдында калышы мүмкүн болгон кишилерди издөө иштери улантылып жатканын белгиледи.

Буга чейин жаратылыш кырсыгынан каза болгондордун саны 350дөн ашканы маалымдалган. 

Магнитудасы 7,8ге жеткен жер титирөө Эквадордо ишемби күнү кечинде болгон. Жер титирөөнүн эпицентри Муисне шаарынан түштүк-чыгыш тарабынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзаладан көп кабаттуу имараттардын көбү, ресторан, мейманканалар урап түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0