Карабах боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталышы мүмкүн

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабах аймагындагы аскерлер. Архив
Тоолуу Карабах аймагындагы аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карабахтагы чыр-чатакты сүйлөшүп чечүү боюнча Россия президенти демилге көтөрдү. Тирешүү башталгандан эки күндөн кийин, Кыргызстан да Тоолуу Карабахтагы маселени чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Карабах чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча тездетилген сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү башталышы мүмкүн. Бул туурасында Азербайжан президентинин жардамчысы Али Гасанов билдирди. 

Анын айтымында, Россия президенти Владимир Путин сүйлөшүүлөр процессинин демилгечиси болду.

"Демилге Россия президенти Владимир Путинден келип түштү. Ал эки өлкөнүн мамлекет башчыларына кайрылган, албетте, мындан кийин сүйлөшүүлөр процессине даярдык жүрүп жатат. Балким, жакыны күндөрү тездетилген сүйлөшүүлөрдүн этабы башталат",— деп Гасановдун айтканын "Хазар" телеканалы билдирди.

Кыргызстан Тоолуу Карабахтагы маселени чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр экендигин 5-апрелде билдирип, эки тарапты кепке келип, жагдайды тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырган.

"Кыргызстан чатакты чечүүнүн жолдору катары конструктивдүү сунуштарды издеп жана буга саясий жактан таасирин тийгизүүгө даяр. Бул жаатта Кыргызстандын 1994-жылдын 5-майында кол коюлган Бишкек протоколуна негизделген тарыхый тажрыйбасы бар ", — деп айтылган мындан эки аптадай мурда Кыргыз ТИМи тараткан маалыматта.

Бордюжа: Тоолуу Карабах чатагы саясий жол менен гана чечилет
Карабах чатагы 2016-жылдын 2-апрелде кайрадан башталып, бирок, 5-апрелде гана атышууну убактылуу токтотуу боюнча мунасага келишкен. Азербайжандын Коргоо министрлиги да, Армения да бири-бирин ок атууну убактылуу токтотуу боюнча келишимди бузду деп келет. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0