Америкалык окумуштуулар астероиддерди лазер менен атууну сунушташууда

© NASAКосмостогу астероиддер. Архив
Космостогу астероиддер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астрофизиктердин эсептөөлөрү боюнча лазер менен астероиддерди болушунча ысытканда алар орбитасынан чыгып, багытын өзгөртөт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. АКШнын астрофизиктери жер планетасын астероиддерден коргоо боюнча долбоор жасап, аны arXiv.org порталына жайгаштырганын РИА Новости билдирди. 

Окумуштуулардын айтымында, жер шарына коркунуч туудурган астероиддердин багытын лазердин жардамы менен өзгөртсө болот. Андан сырткары, өтө кооптуу болгон астероиддерди мындай ыкма менен жок кылууга да мүмкүн.

Астрофизиктердин пикиринде лазердин нурун астероидге багыттаганда ал ысып, кайнай баштайт. Бул өз кезегинде анын ылдамдашын шарттайт. Андыктан, анын багытын өзгөртүп, жок кылууга толук мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0