19:13 09 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2820
  • RUB1.0961
Набережная реки Дане в Клайпеде (Литва). Архивное фото

АКШнын мамдепартаменти Литвада балдардын укугу корголбой жатканын билдирди

© Sputnik / Андрей Александров
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
33 0 0

Мындан үч күн мурда АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укугу боюнча жылдык доклады жарык көрдү.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укугу боюнча жылдык 40-доклады жарык көрүп, анда Литвада балдардын укугу корголбой жатканын айтылганын РИА Новости билдирди.

Жылдык докладда Литвадагы цыгандар катаал шартта жашап жатканы айтылат.

"Жаш балдарга ата-энеси тараптан басым жасалып, өлкөдө адам сатуу жана сойкулук күч алган. Мындан сырткары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук күчөгөн", — деп жазылат докладда.

Эскерте кетсек, мамдепартамент 14-апрель күнү дүйнө жүзүндөгү адам укугу жаатындагы кырдаал боюнча доклад даярдап, анын 36 бети Кыргызстанга арналган. АКШ документте Кыргызстанда "мыйзамсыз камакка алуу", "бийлик менен макул болбогондорду четтетүү", Азимжан Аскаровдун "укугун бузуу", "кызмат адамдарына жаза көрүлбөй турганы", "бейөкмөт уюмдарга басым жасоо" өкүм сүрөрү белгиленген.

Ал ортодо КРдин тышкы иштер министрлиги республика боюнча айтылган маалыматты негизсиз жана орунсуз экенин белгилеп, саясий опуза деп эсептээрин жар салган. http://sputnik.kg/politics/20160416/1024386809.html

Азырынча Литванын тышкы иштер министрлиги АКШнын айыптарына жооп бере элек.

Тема боюнча

АКШ мамдепартаменти Европада дагы теракт болорун айтууда
АКШ "панама-гейтти" алып чыккан журналисттерге акы төлөп бергенин моюндады
Белгилер:
адам укугу, Кыргызстан, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ