Sputnik агенттигинин сайтына Түркияда чектөө киргизилди

© flickr.com / KLMirceaТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Байланыш министрлиги "sputniknews.com" адресине чектөө киргизди. Өлкөдөгү окурмандар агенттиктин 31 тилдеги башка сайттарына да кире албай калышты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бейшемби күнү кечинде Түркияда Sputnik агенттигине чектөө киргизилип, сайтты ачканда бийлик тарабынан административдик чаралар колдонулганы жазылган билдирүү чыгууда.

Sputnik Türkiye маалымат агенттигинин башкы редактору Турал Керимовдун айтымында, колдонуучулар жергиликтүү саат 19.50дөн баштап сайт ачылбай жатканын билдиришкен.

"Түркиянын тийиштүү органдарынан кандайдыр бир эскертүү же билдирүү келген эмес. Чектөө киргизилгенден кийин да эч кандай түшүндүрмө болгон жок", — деди Керимов.

Эл аралык Sputnik агенттигинин сайты орус президенти Владимир Путиндин "түз байланыш" учурунда орус-түрк мамилелери тууралуу бир нече билдирүү жасагандан кийин чектелген.

Буга чейин түрк бийлиги тарабынан ири интернет сайттарга чектөөлөр киргизилип келген. Бийликтин мындай кадамын оппозиция сөз эркиндигин жана элдин маалымат алуу укугун чектөө катары сындап келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0