Россиянын Ми-28Н аскерий тик учагы Сирияда кыйроого учурады

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүМи-28Н тик учагы. Архив
Ми-28Н тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экипаждын эки мүчөсү көз жумду. Докладдагы маалыматка ылайык тик учак соккуга кабылган эмес. Маркумдардын денеси табылып Хмеймим авиабазасына жеткирилди.

БИШКЕК, 12-апр.—Sputnik. Россия куралдуу күчтөрүнүн Ми-28Н үлгүсүндөгү тик учагы Сирияда кыйроого учурады. Кырсыктан эки учкуч ажал тапты. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Агаылайык, кырсык 12-апрелге караган түнү саат 01.29 чамасында Хомс шаарында катталган. 

"Экипаждын эки мүчөсү көз жумду. Маркумдардын денеси табылып Хмеймим авиабазасына жеткирилди. Докладдагы маалыматка ылайык тик учак соккуга кабылган эмес", — деп айтылат документте. 

Учурда кырсыктын негизги себептери аныкталууда. 

Россия 30-марттан тарта Башар Асаддын суранычы менен Сириядагы террористтерге каршы аба соккуларын жүргүзүп келген. Март айында Россия президенти Владимир Путиндин буйругу менен Коргоо министрлиги аскерлердин негизги тобун Сириядан алып чыгып кеткен. Мындай кадамын Россия тарап алдыга коюлган тапшырмалардын бир тобу аткарылып бүткөнү менен түшүндүргөн.   

Жаңылыктар түрмөгү
0