Эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиз жигиттер адаша бергендиктен операция жасатып жандары тынды

© Sputnik / Жоомарт УраимовХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаньси провинциясында жашаган эгиз кыздар Юнь Фэй менен Юнь Ян кошуна айылдагы эгиз балдар Чжао Синь менен Чжао Сюаньга турмушка чыгышкан.

БИШКЕК,12-апр. — Sputnik. Эгиз кыздар менен баш кошкон эгиз жигиттер адашып кетпөө үчүн пластикалык операция жасатышты. Бул тууралуу британиялык The Daily Маil басылмасы жазып чыкты. 

Шаньси провинциясында жашаган эгиз кыздар Юнь Фэй менен Юнь Ян кошуна айылдагы эгиз балдар Чжао Синь менен Чжао Сюаньга турмушка чыгышкан. Арадан көп өтпөй жаш жубайлар бири-бири менен адашып, ким-кимдин жубайы экенин биле албай убара тартышкан. Мындан улам алар пластикалык операция жасоону чечкен. Дарыгерлер эгиздердин мурдун жана чекелерин өзгөртүп беришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0