Кытайда арыктоо боюнча алгачкы колдонмо жарык көрдү

CC BY 2.0 / Daniel Oines / WelterweightСалмакты текшерүү. Архив
Салмакты текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай бийлиги аталган өлкөдөгү 18 жашка чейинкилердин 30 пайызы ашыкча салмак менен жабыр тартары боюнча коңгуроо какты.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кытайдын дарыгерлери ашыкча салмак менен жабыр тарткандар үчүн өлкөдө биринчи ирет колдонмо иштеп чыкты. Бул туурасында РИА Новости China Daily басылмасынын маалыматына таянып жазды. 

Бул кеп-кеңешти Кытай дарыгерлер ассоциациясы баштаган бир топ медициналык уюмдар биргелешип иштеп чыккан. Ага 100гө чукул адис катышып, даярдоого бир жылга чукул убакыт кеткен.

Дем алыш күндөрү көп уктоо диабет жана инфаркт оорусуна кабылуу коркунучун жогорулатат
Колдонмодо арыктоонун негизги жолдору, тагыраагы диетанын түрлөрү жана дене тарбия көнүгүүлөрү боюнча кеп-кеңештер берилген. 

2016-жылы сынамык программа 20 шаардын 39 ооруканасына иштеп баштап, семиздиктен жапа чеккендер кайрылып, биринчи кеп-кеңештерди алууга шарт түзүлгөн. Кытай бийлиги аталган программаны башка ооруканаларга жайылтууну пландап жатат.

Кытайдын Саламаттык сактоо жана балдардын төрөлүшүн пландоо боюнча комитетинин маалыматында 2015-жылдын аягында Кытайда 18 жашка чейинки балдардын 30 пайызы ашыкча салмактан жапа чегээри айтылган. Бул көрсөткүч өнүккөн өлкөлөргө салыштырмалуу тез темп менен өсүп бараткандыгы айтылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0