БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Германияда 5,8 миң качкын өспүрүм дайынсыз жоголгон адамдардын катарында экенин Funke медиатобуна таянуу менен РИА Новости билдирди.
ИИМдин маалыматы боюнча, жоголуп кетти делген 8006 качкын өспүрүмдүн 2171и гана табылган.
"Жоголуп кеткендердин көбү Афганистан, Сирия, Эритрея, Марокко жана Алжирден коштоосуз келгендер", — деп айтылат билдирүүдө.
Жалпы жоголуп кеткендердин 555и 14 жашка жете элек балдар. Алардын көпчүлүгү сексуалдык эксплуатация жана орган үчүн адам сатуу менен алектенген соодагерлерге туш болушу мүмкүн.