Жолугушуу үчүн абакка келген аялын өлтүргөн кишинин кылмышы бир жылдан кийин ачылды

© AFP / DESIREE MARTINБоливиядагы Санта-Крус абагы. Архив
Боливиядагы Санта-Крус абагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер маркумдун денесин түрмөдө отурган дагы бир кишинин жардамы менен камеранын астына көмүп салган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Боливияда абакта отурган Марко Рамирез аны көргөнү келген аялын өлтүрүп, өзү отурган камеранын астына көмүп салган. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазып чыкты. 

Рамирез жанында отурган абакчыга карызын төлөй албай калганда, ал кылмыш тууралуу полицияга баарын айтып берип салган. Ошентип, кыңыр иш бир жылдан кийин гана белгилүү болгон. 

"Кылмышкер аялынын денесин түрмөдө отурган дагы бир абакчынын жардамы менен камеранын астына көмүп салган. Ооз басырык үчүн 278 доллар төлөп берүүгө сөз берип, бирок, ошону менен берген эмес", — деп билдирген башкы прокурор Гомер Падилья. 

Маалыматка ылайык, кылмышкердин мурдагы аялы батирди сатуу боюнча маселелерди талкуулоо үчүн абакка келген. Рамирез буга чейин дагы сүйгөн кызын өлтүрүп, 30 жылга эркинен ажыратылган. 

Боливия мыйзамы абак администрациясынын көзөмөлүсүз жолугушууларды жүргүзүүгө уруксат берери маалыматта белгиленент. 

Жаңылыктар түрмөгү
0