Карабах чыры: курман болгондордун сөөгүн жыйнап кетүүгө үч саат берилди

© Sputnik / Медиабанкка өтүүКарабах аймагындагы артиллерия. Архив
Карабах аймагындагы артиллерия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар Москва убактысы боюнча саат 15:00дөн 18:00гө чейин согуш талаасынан өлүктөрдү издеп таап, алып чыгып кетиши керек.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Тоолуу Карабах чыр-чатагындагы тараптар эки жак чектешкен жерден каза болгондордун сөөгүн жыйнап кетүүгө 18:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) тарта үч саат убакыт берилди. Бул туурасында Азербайжандын Коргоо министрлигинен билдиришти.

"ЕККУ жана эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен Москва убактысы боюнча саат 15:00дөн 18:00гө чейин согуш талаасынан өлүктөрдү издеп таап, алып чыгып кетүүгө убакыт берилди", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кыргызстан Карабахтагы абалды чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр
Карабах чатагы 2-апрелде башталган. Азербайжандын Коргоо министрлиги ок атууну Армения баштады десе, Армения Азербайжан баскынчылык аракетин кылды деп билдирген. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0