АКШ "панама-гейтти" алып чыккан журналисттерге акы төлөп бергенин моюндады

© AFP / PAUL J. RICHARDS АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив
АКШнын мамлекеттик департаментинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамдепартаменттин расмий өкүлү Марк Тонер иликтөө жүргүзгөн журналисттер ар кандай булактардан, анын ичинде АКШ өкмөтүнөн каржыланып келгенин жар салды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. АКШ өкмөтү USAID аркылуу "оффшор жаңжалын" иликтеген журналисттерди каржылап келгенин мамдепартаменттин расмий өкүлү Марк Тонер билдирди.

"Журналисттер ар кыл булактардан, анын ичинде АКШ өкмөтүнөн да акча алып турушкан… Бул анык бир өлкөнү же адамдын артынан түшүү үчүн эмес, көз карандысыз иликтөөлөрдүн жүргүзүү үчүн USAID уюмунан акча алып келген компаниялар", — деди Тонер маалымат жыйында.

Өкүл бул "Organized Crime And Corruption Reporting Project" уюму экенин тактап өттү.

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пентагон жакынкы 5 жылдагы киберкоопсуздукка 35 млрд. доллар сарптайт
Тонер АКШ жүргүзүлүп жаткан иликтөө жана анын натыйжасы тууралуу билбегенин, себеби мамлекет журналисттердин ишине кийлигишпей турганын белгиледи. 

Жекшемби күнү немистердин Sueddeutsche Zeitung басылмасы панамалык Mossack Fonseca юридикалык фирмасына таандык делген документтерди жарыялаган. Басылма ири мамлекеттердин башчылары менен анын жакындарынын офшордук схемаларга тийиштиги бардыгын жазган. Документтин аныктыгы тактала элек. Жашыруун маалыматты ачыктоо менен алектенген WikiLeaks порталы панама документтеринин жарыяланышы АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги жана Жорж Сорос тарабынан каржыланып келгенин, анын бутасы Россия менен мурунку СССР экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0