WhatsApp өз колдонуучуларына келген билдирүүлөрдү коргоону баштады

© flickr.com / LuisПриложение WhatsApp на телефоне. Архивное фото
Приложение WhatsApp на телефоне. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин билдирүүлөрдү жашыруу индивидуалдык тексттик билдирүүлөр үчүн гана иштеп келген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. WhatsApp пайдалануучуларынын билдирүүлөрү коргоого алынат. Бул тууралуу тиркеменин расмий блогуна таянуу менен РИА Новости билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook соцтармагынын вице-президенти Бразилияда кармалды
2014-жылдан баштап мессенджердеги жашыруу индивидуалдык тексттик билдирүүлөр үчүн гана иштеп келген. Мында чалуулар жана сүрөт, видео билдирүүлөрдүн айрымдары гана коргоого алынган. Эми билдирүүлөрдүн бардыгы корголот.

Мартта АКШ бийлиги WhatsApp тиркемесинин жашыруун маалыматтарын алуу жолдорун издеп жатканы айтылган. Талкуу жаңжал менен коштолуп, Американын Юстиция министрлиги Apple компаниясынан Сан-Бернардиногу террорчулардын бирине таандык iPhone смартфонун блоктон чыгарууга жардам берүүсүн талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0