Пентагон жакынкы 5 жылдагы киберкоопсуздукка 35 млрд. доллар сарптайт

© flickr.com / hackNY.orgНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын жогорку технологияга таянып иш алып барышы ага жакшы күч бергени менен Вашингтондун душмандары муну колдонуп кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. АКШнын Коргоо министрлиги кибермейкиндиктеги, анын ичинде РФ тараптан болуучу кооптуулуктар менен күрөшүү үчүн жакынкы 5 жылдагы киберкоопсуздукка 35 млрд. доллар сарптайт. Бул туурасында Пентагон башчысы Эштон Картер билдирди. 

Вашингтондогу стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча борбордо сүйлөгөн Эштон Картер кооптуулук беш жактан болот деп билдирди.

"Мен атаган абадагы, суудагы, кургактагы, космостогу жана кибермейкиндиктеги ар бир бешинчи кооптуулукка каршы турушубуз керек", — деди Картер. 

Обама террорчулук боюнча киберкоопсуздук тармагында чараларды кабыл алууга чакырды
Буга чейинки сүйлөгөн сөзүндө АКШнын министри кооптуулук жараткан тараптардын катарына Россия, Кытай, Түндүк Корея жана Иран өлкөлөрүн жана терроризмди кошкон. 

Картер бир жагынан АКШнын жогорку технлогияларга таянып иш алып барышы аларга "эбегейсиз күч жана мүмкүнчүлүк" берерин айтып, бирок, аны менен кошо "душмандар колдоно турган талылуу жерлер" да пайда болорун белгилелеген. 

"Жогорудагыдай жагдайдан улам АКШ киберкоопсуздукка бюджеттен бөлүнө турган каражаттын көлөмүн көбөйтүп, алдыңкы беш жылга 35 миллиард доллар карап жатат", — деди министр.

Учурда Конгресс Пентагондун 2017-жылга бюждетин карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0