Апрелдик рейтингде Кыргызстандын аскер күчү 32 баскычка төмөндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы аскер күчтөр. Архив
Ала-Тоо аянтындагы аскер күчтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 16 миң 550 аскер бар. Жыл сайын 111 миң адам аскердик милдет өтөөгө чакырылат.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Глобалдык индекстин апрель айында жаңыланган рейтинги боюнча Кыргызстандын аскердик күчү 110-орунга татыды. 

Бул февраль айындагы жыйынтык боюнча 32 тепкичке начарлаган дегенди билдирет.

Глобалдык индекстин февраль айындагы жыл жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын аскердик күчү 78-орунга татыган эле. 

БТР айдаган аскерлер жана тикенек зымдын алдынан жөргөлөгөн "Скорпиончулар"
Изилдөө Global Firepower порталынын адистери аркылуу жүргүзүлгөн. Алар жалпысынан 126 өлкөнүн куралдуу күчүнө баам салышкан. 

Алдыңкы үч орунду мурункудай эле АКШ, Россия жана Кытай ээлеп келет.

Орто Азия боюнча Өзбекстан биринчи (48-баскыч), Казакстан экинчи (53-баскыч) жана Кыргызстан (110-баскычта) үчүнчү орунда турат. 

Бул жыйынтык боюнча Кыргызстандын курал-жарактары Өзбекстандыкына караганда эсе аз. Бизде 150 танк болсо, алардын 420 танкасы бар. 

Кыргызстанда 16 миң 550 аскер бар. Жыл сайын 111 миң адам аскердик милдет өтөөгө чакырылат. 

Куралдуу күчтөрдү эсептөөдө мамлекеттин коргонууга кеткен чыгымдары, деңиз, аба күчтөрү сыяктуу 50 фактор эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0