Washington Post: Ислам мамлекетинин согушкерлери бир канча айдан бери айлык ала элек

© AFP / TAUSEEF MUSTAFA"Ислам мамлекетинин" желегин кармаган согушкандар. Архив
Ислам мамлекетинин желегин кармаган согушкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын атка минерлери бул көрүнтүштү террорчуларга киреше алып келген нефт аймактарынын, акча сактаган банктарынын жок кылынышына байланыштырууда.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушкерлерине айлык маяна төлөнбөй жатат. Бул тууралу РИА Новости The Washington Post гезитине таянуу менен жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, АКШнын атайын кызматынын адистери согушкерлерге маяна төлөнбөй жаткандыгы боюнча кабар алышкан. Анда Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекетинин" террорчуларына бир канча айдан бери маяна төлөнбөй, командирлер арасында уруштар чыгууда. 

"Биз Ислам мамлекети менен болгон каржы согушунда жеңишке жеттик", — дейт АКШнын каржы министринин орун басары Дэниел Глейзер. 

АКШнын атка минерлери бул көрүнүштү террорчуларга киреше алып келген нефть бар аймактарынын жана акча сактаган банктарынын жок кылынышына байланыштырууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0