Месси Обаманын кыздарына кол тамгасы коюлган футболкасын тартуулады

© AFP / PAU BARRENAАргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси. Архив
Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Обама анын кыздары Мессинин чыныгы күйөрмандары экенин билдирди. Мессинин белегин Аргентинанын президенти Маурисио Макри тапшырды.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. "Барселонанын" жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси АКШнын президенти Барак Обаманын кыздарына колу коюлган улуттук команданын формасын белек кылганын Аргентинанын Футбол ассоциациясы билдирди.

Желим баштык менен Мессинин футболкасын жасап алып таанымал болгон Муртаза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Месси Афганистандагы эң чоң фанаты Муртазага футболкасын берип жиберди
Обама 23-24-мартта Аргентинага болгон иш сапары учурунда анын кыздары — Саша менен Малия Мессинин чыныгы күйөрмандары экенин билдирген. Мессинин белегин Аргентинанын президенти Маурисио Макри тапшырды.

Белгилүү футболчу март айынын аягында Египетте кайрымдуулук акциясы учурунда өзүнүн бутсысын бергени өлкө ичинде катуу талаш-тартышка жем таштаган. Египеттиктер футболчунун бул кадамын мазактоо катары кабыл алышкан.

Месси ошондой эле 2016-жылдын февраль айында колу коюлган формасын афганистандык балага белек кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0