Egypt Air компаниясынын басылып алынган учагы Египетке аман-эсен кайтты

© REUTERS / YIANNIS KOURTOGLOUEgypt Air компаниясынын басылып алынган учагы Египетке аман-эсен кайтты
Egypt Air компаниясынын басылып алынган учагы Египетке аман-эсен кайтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басып алынгандан кийин Кипрге шашылыш конгон Египет аба жолдору компаниясына таандык учак жүргүнчүлөрү менен чогуу Каирге келип конду. Александрия – Каир каттамы боюнча учкан А320 үлгүсүндөгү учакты белгисиз жаран басып алып, ал Кипрдеги Ларнака аэропортуна конгон болчу.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Egypt Air компаниясынын басылып алынган А320 учагы Египеттин борбору Каирге келип конду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Басып алынган А320 учагындагы жүргүнчүлөр бошотулду
Белгилей кетсек, 29-мартта Александрия – Каир каттамы боюнча учкан А320 үлгүсүндөгү учакты белгиси жаран басып алып, белине байланган жарылуучу затты жардырам деп учкучтарды жана жүргүнчүлөрдү коркутуп, учак Кипрдеги Ларнака аэропортуна шашылыш конгон болчу. Анын ичинде 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгон.

Учакты басып алган жаран Сейф ад-Дин Мустафа экени аныкталып, ал кармалган. Анын жанында эч кандай жарылуучу зат болбогону аныкталган. Бул окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Эгер Мустафанын күнөөсү аныктала турган болсо ал 10 жылга чейин кесилиши мүмкүндүгүн Египеттин ЖМКлары билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0