ЖМК: Индияда кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду

© AFP / Marcin WicharyКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция Кыргызстандын жаранын Орисса шаарында жүргүзүлгөн рейддин негизинде бошотуп алган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Индиянын полициясы туристтик виза менен жүргөн кыргызстандык жаранды сексуалдык кулчулуктан бошотконун Орисса шаарынын Odisha Sun Times гезити жазып чыкты 

Өткөн дем алыш күндөрү баңгизатка каршы рейд өтүп, анын алкагында чет элдик кыз кармалган. Иликтөө маалында анын кыргызстандык экени, Индияда туристтик виза менен жүргөнү аныкталган. 

Өтүкчөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сойкуканадан качып чыккан кыз уурулукка шектелип камакка алынды
Ал эми баңгизат сатуу менен алектенген Сунил Мехердин колго түшкөн жакын адамы аталган кыз эки күн мурун Кыргызстандан сойкулукка иштетүү максатында алып келингенин айткан. Ага "кураторлук" кылган Сунил Мехер рейд учурунда изин суутуп кетүүгө үлгүргөн. Кыргызстандык кыздын визасынын мөөнөтү 31-мартта аяктайт.

Учурда полиция Кыргызстандын Индиядагы элчилиги менен биргеликте КР жаранынын Сунил Мехердин тобуна тиешелүүлүгүн текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. 

Басылма кыргызстандык кыз Орисса шаарынын ооруканасында дарыланып жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0