Окумуштуулар: бардык расалар "жок" деген сөздү бирдей мимика менен көрсөтүшөт

Жазылуу
Эриндерди тиштөө, көз менен ымдоо, кашты көтөрүү болжолдуу түрдө бир сөздү айтууга кеткен убакытты талап кылат.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Психологиялык тажрыйбалар бардык расадагы жарандар "жок" деген сөздү көздү кысуу, эриндерди тиштөө аркылуу билдирери тууралуу Cognition журналына чыккан материалда көрсөтүлгөнүн РИА Новости жазып чыкты.

"Айрым сөздөрдү жүзүбүз аркылуу билдирүү универсалдуу тилге айланып калган. Мындай байланыш кайдан пайда болгон? Биздин кесиптештер бул суроого жооп алуу үчүн көп убактыларын кетиришти. Изилдөөлөр ооз эки сөз менен жүздүн мимикасынын ортосунда байланыш бар экенин көрсөтүп жатат", — деп окумуштуу Аликс Мартинез билдирет. 

Кан текшерүү борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ракты кандын анализи аркылуу аныктоо жолун табышты
Мартинез менен анын кесиптештери ар кайсы расадагы студенттерди чогултуп, аларга позитивдүү, негативдүү суроолорду узатышкан. Кызыгы, бардык расадагылар менен кошо дүлөйлөр дагы беттерин бирдей чүйрүп жооп беришкен. 

Эриндерди тиштөө, көз менен ымдоо, кашты көтөрүү болжолдуу түрдө бир сөздү айтууга кеткен убакытты алаары да белгилүү болгон. 

Мимикалар бирдей болгону менен беттин булчуңдары ар кандай темпте кыймылга келээрин тажрыйба көрсөткөн. Мисалы, кытайлыктар абдан тез сүйлөгөндүктөн, мимикалар менен жооп берүүдө беттин булчуңдары тез кыймылга келген. Ал эми англичандардыкы жайырак темпте кыймылга келээри байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0