Пентагон жаңы метеорологиялык спутниктин жоголуп кеткенин билдирди

© NASA / Goddard/Arizona State UniversityЖердин сүрөтү. Архив
Жердин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Flight 19 спутниги менен болгон байланыш 11-февралда үзүлгөн. Аскердик аба күчтөр башкармалыгы аппарат менен байланышуу аракеттерин токтотконун билдирди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Жер орбитасында эки жыл иштеген метеорологиялык спутниктин жоголуп кеткендиги тууралуу АКШнын космостук күчтөр башкармалыгы билдирди. Бул тууралуу Spacenews агенттиги жарыялаганын РИА Новости жазып чыкты. 

Flight 19 спутниги менен болгон байланыш 11-февралда үзүлгөн. 

"Аскердик аба күчтөрүнүн базасындагы Колорадо-Спрингсте жайгашкан борбордук башкармалык аппарат менен байланышуу аракеттерин токтотту", — деп космостук күчтөр башкармалыгынын офицери Энди Роук билдирген. 

Спутник Lockheed Martin фирмасы тарабынан жасалып, 2014-жылы апрель айында космоско учурулган. Ал жер орбитасында кеминде беш жыл иштөөгө даярдалган. 

Аппарат аскердик операцияларды пландоого алдын ала аба ырайы болжомун берип турууга багытталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0