Россиянын бир катар аймактарында сааттын жебеси алдыга жылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСааттын жебесин жылдырып жаткан кыз
Сааттын жебесин жылдырып жаткан кыз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сааттын жебесин Алтай крайы менен Алтай республикасы, Забайкалье крайы, Астрахань, Ульяновск жана Сахалинск облустары бир саатка алдыга жылдырышты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россиянын алты аймагында сааттын жебеси бир саатка алдыга жылды. Бул тууралуу маалыматты Россиянын Техниканы жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттиги жарыялады. 

27-мартка караган түнү сааттын жебесин Алтай крайы менен Алтай республикасы, Забайкалье крайы, Астрахан, Ульяновск жана Сахалинск облустары бир саатка алдыга жылдырышты. 

Жаз келди. Өрүк гүлдөдү
Бул өзгөрүүлөргө ылайык, Астрахань менен Ульяновск облустары Москва убактысынан 60 мүнөткө айрымаланат. Ал эми Забайкалье крайы Москвадан алты саат алдыда болсо, Алтай крайы менен Алтай Республикасы төрт саатка, Сахалинск облусу сегиз саатка айырмаланат.

Россия 2014-жылдан тарта саат жебесин артка жылдырууну токтоткондугуна байланыштуу аймактардан арыздар түшө баштаган. 

Буга байланыштуу, 2016-жылдан тарта Россия бийлиги бир нече аймактарда саат жебесин жылдырууга уруксат берген мыйзамды колдоого алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0