Брюсселдеги жардырууларга шектүү адамдар белгилүү болду

© AP Photo / Belgian Federal PoliceБрюсселдеги жардырууларга шектүү адамдар
Брюсселдеги жардырууларга шектүү адамдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельгия полициясынын маалыматы боюнча Брюсселдин эл аралык аэропортундагы жардырууну Ибрагим жана Калим эль Бакрауи аттуу ага-инилер ишке ашырган. Бир нече терактыдан 34 адам каза болуп, 250 киши жаракат алды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Брюсселдин аэропортундагы жардырууну Ибрагим жана Калим эль Бакрауи аттуу ага-инилер ишке ашырган. Бул тууралуу RTBF телерадиокомпаниясына таянуу менен РИА Новости билдирди.

Буга чейин бельгия полициясы жан кечтилер Завентам аэропортунун видеобайкоо камераларына түшүп калганы тууралуу айткан. 

Маалыматка ылайык, бир туугандар Париждеги терактыларга да шектелип келишкен. Мындан тышкары, Калим эль Бакрауи жасалма документ менен Брюсселдин Форе коммунасындагы турак жайды ижарага алып жашап келген. Бул жерде 15-март күнү болжолдуу террорчулар менен полиция кызматкерлери атыша кеткен.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Бельгиянын падышасына Брюсселдеги жарылуудан улам көңүл айтты
27 жана 30 жаштагы ага-ини полицияга жакшы таанымал. Быйыл январда анын бири карактоо учурунда полицияга ок чыгарган деген айып менен сыртынан тогуз жылга кесилген. Ал эми экинчиси 2011-жылы унаа уурдаганы үчүн беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-март күнү Бельгиянын борбор калаасы Брюссель шаарында аэропорт менен метронун эки станциясында беш ирет жардыруу болуп, андан 34 адам каза болгон. Кырсык кесепетинен дагы 250 киши ар кандай жаракат алган. 

Терактылардын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" уюму мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0