ЖМК: Boeing учагы штурвалдын тоңуп калышынан улам кыйрашы мүмкүн

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүКыйраган учактын сыныктары. Архив
Кыйраган учактын сыныктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ростов-на-Дону шаарында болгон авиакырсыктын себептеринин катарында кеменин башкаруу системасынын иштен чыгышы да белгиленген. Бул тууралуу иликтөө иштери менен тааныш булак билдирди. Эскерте кетсек, ушундай эле себеп менен 2013-жылы Казанда да учак кыйроого учураган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. FlyDubai компаниясынын учагы рулдун иштен чыгып кыймылдабай калышынан улам кыйроогоучурашы мүмкүн экенин "Российская гащета" басылмасына таянуу менен РИА Новости маалымдады.

Ага ылайык, башкаруу системасы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам тоңуп калышы ыктымал. 

Дубайдан келе жаткан жүргүнчү ташуучу Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында кыйроого учурагандарга гүл коюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
FlyDubai: каза болгон стюардессанын үй-бүлөсүнө 20 миң доллар компенсация төлөнөт
Маалыматка ылайык, мындай божомолго учактын тездик менен төмөндөшү, ал эми учкучтардын кырсык жана иштен чыккан жабдуулар тууралуу эч кандай белги бербеши себеп болууда. Экипаж абалды өз алдынча жөнгө салууга аракет кылган. Бирок такалып калган штурвалды кыймылдатууга убакыт да, күч да жетпей калган.

Эскерте кетсек, ишембиге караган түнү Дубайдан келе жаткан Boeing 737-800 учагы Ростов-на-Дону шаарында аэропортко конуп жатып кыйроого учураган. Кырсыктан анын ичиндеги 62 адамдын баары каза болду. Алардын арасында 28 жаштагы кыргызстандык стюардесса Жылдыз Насирдинова да болгон.

Тергөө учурда кырсыктын үч негизги себебин кароодо — техникалык бузулуу, начар аба ырайы жана экипаждын катачылыгы.

Жаңылыктар түрмөгү
0