Ростов-на-Донудагы учактын урашы Fly Dubai компаниясынын тарыхындагы биринчи кырсык

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүFly Dubai авиакомпаниясынын учагы. Архив
Fly Dubai авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Fly Dubai авиакомпаниясы 2009-жылы Дубайдын өкмөтү тарабынан негизделген.

БИШКЕК, 20-мар. – Sputnik. Ростов-на-Донудагы учактын урашы Fly Dubai авиакомпаниясынын тарыхындагы биринчи жолку кырсык болуп эсептелет. Бул тууралуу Аль-Жазира маалымат агенттиги жазып чыкты.

Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Авиа кырсыктардан каза тапкан кыргызстандыктар
Кечээ, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, кулап түшкөн. Кырсыктан улам, учактагы 62 жаран каза тапкан. Алардын арасында, кыргызстандык стюардесса Жылдыз Насирдинова бар экени маалым болгон. 

Fly Dubai авиакомпаниясы 2009-жылы Дубайдын өкмөтү тарабынан негизделген. Учактары 90 багытка каттайт. Анын ичинде Бишкек дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0