Окумуштуулар уйкуну кандыруу жолдорун айтып беришти

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСабак учурунда уктап жаткан студент. Архив
Сабак учурунда уктап жаткан студент. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпкө уктабай жүрүү ар кандай ооруларды пайда кылат.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Уйкуну кандыруу үчүн канча убакыт жана кандай шартта уктоо керек экендиги тууралуу окумуштуу Михаил Полуэктов менен Владимир Ковальзон РИА Новостиге айтып беришти. 

Уйку нормасы

Окумуштуулардын айтымында, уйкунун узактыгы адамдын жаш курагына жараша өзгөрөт. Улуу курактагылар жети саат уктаса, балдар андан көбүрөөк уктаганы жакшы. 

"Адам баланча саат укташы керек деген универсалдуу эсептөө жок. Бирок, өткөн жылы эл аралык сунуштамалар берилди. Анда адам жети сааттан кем эмес уктоосу керек экени айтылган. Бул сунуштама улуу курактагыларга айтылган", — дейт окумуштуу Полуэктов.

Ал эми Ковальзондун айтымында, ар кайсы адамдын ар кандай циклда уйкусу канат (1 цикл 1,5 саатка барабар).

"Орточо көрсөткүч−беш циклга барабар, бул жети сааттан ашыгырак убакытты түзөт. Көпчүлүк адамдардын уйкусу ушул убакытта канат. Бирок, уйкучу адамдарга беш цикл жетишсиз, аларга алты циклдүү уйку керектелет. Аз уктагандар дагы бар алар төрт циклдүү убакытта эле уйкулары канып калат", — дейт окумуштуу.  

Ашыгы менен уктоо

Дем алыш күндөрү атайылап ашыгырак уктап алган адам иш күнү көп чарчабай турганы аныкталган. Мындай ыкманын эффективдүүлүгү жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде белгилүү болгон.

"Иш жумасында башкаларга салыштырмалуу эки саат көбүрөөк уктаган адам аз уктаган адамга караганда өзүн жеңил сезет", — дейт Полуэктов. 

Анын айтуусунда, уйкусу канбаган адам алсыз жана суз маанайлуу болуп калат. Узак убакыт боюу уйкудан калуу ден соолукка залакасын тийгизет. 

"Уйкусу канбаган адам кант диабети, тумоо жана гипертониялык ооруларга кабылат", — дейт окумштуу. 

Дем алыш күндөрү көп уктоо диабет жана инфаркт оорусуна кабылуу коркунучун жогорулатат
Бирок, бир сутка уктабай жүрүш үчүн бир сутка алдын ала уктап алуу мүмкүн эмес экенин кошумчалады. 

Жакшы уктоонун шарттары

Эксперттердин билдиргени боюнча, бүгүн уктай аламбы же албаймбы деп кабатырлануунун кажети жок. Себеби, уйку бул адамдын генетикасындагы механизм болуп эсептелет. Андыктан, ашыкча ойлонуулар уйкуга тоскоолдук гана жаратат. 

Уйкунун канышы үчүн дивандын жайгашкан жери, жууркандын сапаты чоң мааниге ээ эмес. Болгону, адамды кыжаалат кылган факторлор болбошу керек.

"Бөлмөдөгү температура өтө ысык же суук, ызы-чуу, ашыкча жарык болбошу керек", — дейт окумуштуу.  

Анын айтымында, бөлмө сөзсүз түрдө караңгы болушу керек. Себеби, жарык организмдеги мелатониндин бөлүнүп чыгышына тоскоолдук жаратат. Эгер, түн ичинде туруу керек болсо жарыкты жандыруу сунушталбайт. Анткени, свет жанар замат мелатониндин бөлүнүшү токтоп калат. Буга ылайык, шаар тургундарына айнектерге калың пардаларды тагуу сунушталат. 

Уйку жетишсиздиги

Уйкудан калган адам, организм канча талап кылса ошончо укташ керек экенин окумуштуулар эскертет. 

Уйку адамдын генетикасындагы атайын механизм болгондуктан, уктоо убактысын өзү аныктайт, дейт Ковальзон. Ал уйкунун канышына эки күн керек болсо дагы, уктап алуу туура экенин айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0