Түркиянын премьери айрым депутаттарды кол тийбестиктен ажыратууну сунуштады

© REUTERS / Umit BektasТүркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу. Архив
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттарды кол тийбестик статусунан ажыратуу боюнча бардык арыздарды кароо бир нече айга созулат. Андан көрө, Баш мыйзамга бардык партиянын депутаттарын бул укуктан ажыраткан утурумдук толуктоо киргизели деди өкмөт башчысы.

БИШЕК, 18-мар. — Sputnik. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу бардык депутаттарды кол тийбестик статусунан ажыратуу боюнча сунуш киргизди. Буга чейин Түркиянын прокуратурасы Элдик демократиялык партиясынын күрддөр тараптуу болгон беш депутатын кол тийбестик мандатынан ажыратуу боюнча кат жөнөткөн эле. Алардын катарында Күрдстан жумушучулар партиясы менен байланышы болгондугу үчүн анын теңтөрагалары Селахаттин Демирташ жана Фиген Юксекдаг аттуу саясатчылар киргизилген.

"Бизге кармашууга чакырык таштагандан кийин, мен да жооп берем. Депутаттарды кол тийбестик статусунан ажыратуу боюнча бардык арыздарды карайбыз десек, ага үч-төрт ай кетет. Андан көрө, Баш мыйзамга бардык партиянын депутаттарын бул укуктан ажыраткан утурумдук толуктоо киргизели", — деди Давутоглу Анкарада өткөн ишкерлердин жыйынында.

Өкмөт башчысы парламенттеги бардык партиялардын депутаттары өздөрү кылган иштерине жооп беришсин. 

"Биздин партия жооп берүүгө дайыма даяр. Партиялардан жооп күтөм",— деди ал.

Ошентип, түркиялык эл өкүлдөрүнүн кол тийбестиги кыл учунда турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0