Түндүк Кореяда жардыруудан улам жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү 2,2 баллга жетип, очогу өлкөнүн борбор шаарынан анча алыс эмес жерде бир чакырым тереңдикте жайгашкан.

БИШКЕК, 16-мар — Sputnik. Түндүк Кореянын метеорологиялык агенттиги шаршемби күнү күчү 2,2 баллга жеткен жер титирөөнү каттап, агы жардыруу себеп болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Түндүк Корея Манхэттенди бир заматта жок кылып коё аларын айтты
Буга чейин күчү 3,1 магнитудага жеткен силкинүү дүйшөмбү күнү эртең менен болгону маалымдалган. Түндүк Кореядагы булактар аны өзөктүк сыноолорго эч кандай байланышы жок деп эсептейт. 

Жер титирөө болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча 12.30да Пхеньяндан түштүк-чыгышты көздөй 34 чакырым алыстыкта катталган. Очогу бир чакырым тереңдикте жайгашкандыктан, ага жардыруу себеп болушу мүмкүн экени айтылууда. Бирок метеокызмат бул өзөктүк сыноо болгонунан кабар бербейт деп эсептейт.

Үстүбүздөгү жылдын 6-январында Түндүк Кореяда төртүнчү ирет өзөктүк курал сыноодон өткөндөн кийин күчү 4,8 магнитудага жеткен жасалма жер титирөө болгон. Аталган мамлекет БУУ менен бир катар мамлекеттердин санкцияларына карабастан, сыноолорун мындан ары да уланта берерин жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0