Жарыя: кытай фабрикасынын ээси уулу үчүн тың келин издейт

© flickr.com / ChuWeiHunG IPhotoҮйлөнүү үлпөтү. Архив
Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадамга ата баласы үчүн тынчсыздануудан улам барган. 38 жаштагы мураскер ушу куракка чейин адамдар менен тил табыша албай, компьютер колдонууну билбейт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кытайдагы заводдун ээси өзүнүн мураскери үчүн келин издей турганын Интернетке жарыялаган. Бул тууралуу жергиликтүү South China Morning Post гезити жазып чыкты.

Унаа тетиктерин өндүрүүчү ишкананын ээси Чэнь Цзиньжун маалымат порталына кызыктуу жарыя илген.

"Уулума ишкананы жетектей турган жубай издейм. Курагы 38 жаштан жогору болбош керек, билими — орто же жогорку болуусу шарт. Талаптар — эмгекчил, компьютерди мыкты билген жана башкаруу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн болушу керек. Турмушунан ажырашып, балдары бар болсо мейли", — деп айтылат жарыяда.

Мындай кадамга ата баласы үчүн тынчсыздануудан улам барган. 38 жаштагы мураскер Чэнь Диянь 10 жылдан бери үйлөнө албай, компьютер колдонууну өздөштүрө алган эмес. Мындан тышкары, адамдар менен тил табышуусу өтө оор экени аныкталган.

Бул аракети менен Чэнь Цзиньжун уулуна келинчек, ал эми ишканага жетекчи табууга ниет кылат. Басылманын айтымында, 8-март күнү жарыяланган билдирүүдөн кийин келин болчу талапкерлердин саны жетиштүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0