21:22 19 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
2310

Мичиган штатындагы университеттин окумуштуулары үй-бүлөдө экинчи бөбөктүн пайда болушу менен улуусунун ашыкча салмак алышы кескин кыскарат деп билдиришти.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар үй-бүлөдө экинчи бөбөк пайда болгондон тарта улуусунун ашыкча салмак алуусу үч эсеге азаярын, ал баланын кийинки жашоосун да коштоорун айтышты. Бул туурасында Pediatrics журналы жазып чыкты. 

"Экинчи баланын төрөлүшү менен эгерде улуусу экиден төрт жашка чейинки куракта болсо, толуп же кант диабетине кабылышы кескин азаят. Азырынча себебин так аныктай элекпиз. Бул балким, баланын көбүрөөк кыймылдашына байланыштуу", — деп айткан аталган университтин кызматкери Жулия Луменг. 

Өзүнүн кичүү карындашы, сиңдиси же иниси барлар өзү теңдүү башкаларга караганда алгачкы төрт жыл ичинде толуп кетүү же диабет менен аз жабыркаган.

Иликтөөгө алынгандар мектепке барган учурда алардын классындагы бир тууганы жок балдардын 13 пайызы жогорудагы илдеттерге чалдыкканы анык болгон.

Окумуштуулар азырынча мунун себебин илимде так аныктай элек. Үйдө экинчи бөбөк пайда болгондо улуусуна ата-энеси көбүрөөк көңүл бура албай, балким тамакты жетишерлик жебей калышынан улам болушу мүмкүн дешти.

Тема боюнча

Окумуштуулар адамдардын сөөктөрүнүн көчүрмөсүн чыгаруучу 3D-принтер ойлоп табышты
Окумуштуулар: роботтор кытайлыктардын 77 пайызын ишсиз калтырат
Белгилер:
үй бүлө, Окумуштуулар, бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ