Бразилияда президентке каршы митингге үч миллион киши чогулду

© REUTERS / Bruno KellyБразилия боюнча өткөн митинг.
Бразилия боюнча өткөн митинг. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразы болгондордун жарымы Сан-Паулу шаарынын тургундары болуп саналат.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү жалпы Бразилия боюнча өткөн митингге үч миллионго чукул киши чыкканын Reuters агенттиги билдирди. 

Нааразы болгондордун жарымы Сан-Пауло шаарынын тургундары болуп саналат. Митингге чыккандар өлкөнүн учурдагы президенти Дилма Русефтин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Бразилиялыктардын нааразычылыгын өлкө башчынын айланасындагы адамдардын ачыкка чыккан коррупциялык ызы-чуулары жараткан.

Бразилиянын полициясы жергиликтүү телеканалдардын маалыматына таянып, өлкөнүн 150 шаарынан үч миллион адам келгенин эсептеп чыкты. Ошол эле учурда укук коргоо органдары нааразы болгондордун саны ашкере жогорулатылышы мүмкүн экенин да айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0