Түндүк Корея Манхэттенди бир заматта жок кылып коё аларын айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКим Чен Ын. Архив
Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы иштелип чыккан түзүлүш 1961-жылы СССР сыноодон өткөргөн суутек бомбасына салыштырмалуу "эбегейсиз күчкө ээ".

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Пхеньян жекшемби күнү Манхэттенди суутек бомбасы менен жок кылып коё ала турганын жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости Washington Post гезитине таянуу менен жазып чыкты. 

"Эгерде бул бомбаны ракетага орнотуп, аны менен Нью-Йорктогу Манхэттенге сокку узатса, бардык жашоочулар кыйрап, шаар заматта күлгө айланат", — дейт КЭДРдин аскер кызматкери Чо Хьенг Ил.

"Корея бүгүн" гезитинин айтымында, аталган түзүлүш 1961-жылы СССР тарабынан сыноодон өткөн бомбага салыштырмалуу "эбегейсиз күчкө ээ". Анын үн толкундары 1000 чакырым радиус аралыгында жайгашкан үйлөрдүн терезелерин кагууга жөндөмдүү келген. 

"Эгерде АКШ биздин өлкөбүзгө коркунуч жарата турган болсо, биз аталган өлкөнү жер бетинен жок кылып салуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайбыз", — деп жазат гезит. 

Пхеньян шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пхеньян сес көрсөтүп, АКШ менен Түштүк Кореяга каршы өзөктүк сокку урууга даярданууда
Бирок көпчүлүк эксперттер Пхеньян өз мүмкүнчүлүгүнө туура эмес баа берип жатканын айтышууда деп жазат Washington Post.

Корей жарым аралындагы абалдын чыңалышына Түндүк Кореянын 6-январдагы өзөктүк куралын төртүнчү ирет сыноосу жана 7-февралда Түндүк Кореянын "Кванмёнсон-4" жасалма спутниктин жардамы менен асманга атылган ракетасы себеп болгон. Буга жооп катары Бириккен Улуттар Уюмунун Коргоо кеңеши аталган өлкөгө карата экономикалык жактан четтетүүгө алып келе турган олуттуу резолюция кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0