Sky News ИМ согушкерлеринин маалыматы камтылган документке ээ болду

© REUTERS / STRINGER"Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушкери. Архив
Ислам мамлекети террористтик тобунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" тобунун мурунку мүчөлөрүнүн бири каналга согушкерлердин жеке маалыматын өткөрүп берген. Анда 51 мамлекеттин өкүлдөрү бар экени айтылууда.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Британиянын Sky News телеканалы "Ислам мамлекети" террористтик тобунун миңдеген согушкеринин жеке маалыматына ээ болгонун билдирди. Документтерди каналга топтун мурунку мүчөсү өткөрүп берген.

Куралчан согушкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Митингге чыккан Ракка шаарынын тургундары менен "Ислам мамлекети" тобу кагылышты
Ага ылайык, документте 22 миң ысым, даректер, телефон номерлери, согушкерлердин үй-бүлөлөрү тууралуу маалыматтар камтылган. Террористтердин арасында 51 мамлекеттин өкүлү бар. Алар топко кирер алдында 23 суроого жооп берип, өздүк маалымат тапшырган.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөгө кооптуулук жараткан ири коркунучтардын бири. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын басымдуу бөлүгүн өзүнө каратып алууга жетишкен. Мындан тышкары, алар өз таасирин Түндүк Африка, негизинен Ливияга таратууну көздөп келишет. Ар кандай маалыматтар боюнча ИМ көзөмөлүндөгү жердин аянты 90 миң чарчы чакырымды түзөт. Ал эми топ курамындагы мүчөлөрүнүн саны 50 миңден 200 миңге чейин экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0