ЭВФ: дүйнө жүзү экономикалык кыйроонун алдында турат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЭл аралык валюта фондусунун имараты. Архив
Эл аралык валюта фондусунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы убакта дүйнөлүк финансы рыногундагы жаңылыктар менен Кытайдын жагымсыз статистикасы дүйнөлүк экономика өтө катаал учурду башынан кечирип жатканын билдирет, дейт Эл аралык валюта фондусунун бөлүштүрүүчү-директорунун орун басары Дэвид Липтон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк коомчулук алдында экономикалык кыйроо тобокелчилиги турат, андан кыйгап өтүү үчүн тез аранын ичинде суроо-талапты пайда кылуучу чараларды көрүү керек. Бул тууралуу айткан Эл аралык валюта фондусунун бөлүштүрүүчү-директорунун орун басары Дэвид Липтондун сөзүн РИА Новости келтирет.

Анын айтымында, дүйнөлүк экономика кыйын кезеңди башынан кечирип турганы айгине. Липтондун бардык мамлекеттер жайлап калган өсүү менен сырьё жана финансы рыногундагы туруксуздукка каршы күрөшүү үчүн кескин чараларды көрүүсү керек деген сөздөрүн Financial Times басылмасы жазып чыккан. 

"Экономикалык активдүүлүккө колдоо көрсөтүп, дүйнөлүк экономиканы бекемдөөгө мезгил жетти", — деди Липтон.

Financial Times экономиканын абалына болгон тынчсыздануу Кытайдын соода статистикасы жарыялангандан кийин пайда болгонун жазат. Февралда аталган өлкөдө экспорт менен импорттун көлөмү кыскарып, 2009-жылдан бери биринчи жолу экспорттук абал начарлап кеткен. Муну менен бирге былтыр Кытайдын ИДПсында акыркы 25 жыл ичинде биринчи жолу болор-болбос гана өзгөрүү байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0