Итти сайгылап өлтүргөн Магадандын тургуну жаза катары 300 саат иштемей болду

© AFP / GLENN BARNESЛабрадо́р-ретри́вер тукумундагы ит. Архив
Лабрадо́р-ретри́вер тукумундагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызын каап алгандыгы үчүн лабрадор ретривер тукумундагы итти атасы аңчылык бычагы менен сайып өлтүргөн.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россиянын Ыраакы Чыгышындагы Магадан шаарынын соту калаа тургуну Илья Песковду итти өлтүргөнү үчүн күнөөлүү деп тапканын РИА Новости билдирди.

"Ал аялы менен кызы короодо сейилдеп жүргөндө лабрадор ретривер тукумундагы ит аларга кол салганын келинчегинен уккан. Иттен кичинекей кыз катуу коркуп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аны уккан киши үйүнөн аңчылык бычагын алып чыгып, короодо жүргөн итти качканына карабай, артынан сая түшүп бир канча жолу сайган.

Мыйзамга ылайык, ит – кимдир бирөөнүн мүлкү болуп саналат. Сот айыпталуучуга 300 саат милдеттүү түрдө жумушка чыгууга өкүм кылган.

Соттун өкүмү азырынча күчүнө кире элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0