00:52 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
241 0 0

Дүйшөмбү күнү АКШ менен Түштүк Корея Пхеньянга каршы жогорку масштабдагы аскердик машыгууларын өткөрөт.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Түндүк Корея коңшусу Түштүк Корея жана АКШ тарабынан коркунуч жаралса, алдын ала эскертүүчү сокку урууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости Түндүк Кореянын Коргоо комитетине таянуу менен жазып чыкты.

"Алдын ала эскертүүчү сокку Түндүк Кореянын жогорку бийлигинин буйругунун негизинде жасалат", — деп билдирет Коргоо комитети.

АКШ жана Түштүк Корея беригип Key Resolve жана Foal Eagle аталышындагы жогорку масштабдагы аскердик машыгууларын баштоодо.

Бул иш-чараны Пхеньян Түндүк Кореяга каршы жасалып жаткан кадам деп баалай турганын билдирди.

Маалыматта, аталган машыгуулардын жүрүшүндө АКШ Корей жарым аралына бомбалоочу B-2 Northrop B-2 Spirit куралдарын жайгаштыруусу күтүлүп жаткандыгы жазылган.

Бул машыгууларга АКШдан 15 миң, Түштүк Кореядан 300 миң аскер катышат.

Түндүк Кореянын Коргоо комитети аталган аскердик машыгуулар өлкөнүн жогорку бийлигин жок кылууга багытталганын айтып, Вашингтон менен Сеулга каршы планын иштеп чыкты.

"Бизде жогорку тарап бекитип, өзүбүз иштеп чыккан аскердик операциялардын планы бар. Анын негизинде Түштүк Кореяны бошотуу менен АКШга каршы сокку урулат", — деп айтылат маалыматта.

Корей жарым аралындагы абалдын чыңалышына Түндүк Кореянын 6-январдагы өзөктүк куралын төртүнчү ирет сыноосу жана 7-февралда Түндүк Кореянын "Кванмёнсон-4" жасалма спутниктин жардамы менен асманга атылган ракетасы себеп болгон. Буга жооп катары Бириккен Улуттар Уюмунун Коргоо кеңеши аталган өлкөгө карата экономикалык жактан четтетүүгө алып келе турган олуттуу резолюция кабыл алган.

Тема боюнча

Түндүк Корея Япон деңизин карай кичи ыраактыктагы ракеталарын учурду
Белгилер:
ракета, сокку, өзөктүк курал, курал, Түштүк Корея, Түндүк Корея

ЭҢ МААНИЛҮҮ