Түркиядагы Zaman гезитинин интернет сайтына чектөө киргизилди

© AFP / OZAN KOSEТүркияда оппозициялык Zaman гезитинин имараты. Архив
Түркияда оппозициялык Zaman гезитинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийлик тараптан болгон мындай аракетке нааразы болуп митингге чыккандарды полиция көздөн жаш чыгаруучу газ, суу жана желим октор менен атып тараткан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Түркияда оппозициялык Zaman гезитинин интернет сайтына www.zaman.com.tr чектөө киргизилгенин Sputnik Türkiye билдирди.

Миграция кызматы: КР жарандарынын көбү Түркияда ишке орноштурулган
Zaman гезити курамына кирген Feza Gazetecilik компаниясына Стамбул сотунун чечими менен 4-мартта сырттан башкаруучулар дайындалган. Полиция гезиттин имаратына күч колдонуп кирип, бийликтин бул кадамын сынга алып чогулгандарды көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен аткан.

Камкорчулардын дайындалышына нааразы болгон тараптар бир нече жолу нааразычылыкка чыккан, аларды полиция көздөн жаш чыгаруучу газ, суу жана желим октор менен атып тараткан.

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Zaman гезитинин айланасында болуп жаткан окуялар боюнча пикирин айтып, мыйзамдын негизинде жасалып жатканын билдиргенин Sputnik Türkiye маалымдады.

"Чет элдик айрым басылмалар өкмөт баскынчылык кылды деп маалымат таратууда. Бул аракеттер саясий эмес, укуктук маселелер", — дейт премьер.

Ал ошондой эле, Zaman гезити өлкөдөгү жалгыз эле оппозициялык гезит эместигин белгилеп, башка басылмалар деле өз пикирин эркин, тоскоолдуксуз билдирип жатканын айтты. 

"Аларды "эмнеге муну жаздыңар" деп суракка алган жерибиз жок", — деди Давутоглу.

Ал ортодо Zaman гезитинин айланасында болуп жаткан окуяларга Европа дагы тынчсызданып жатканын билдирди. Европа кеңешинин башкы катчысы Турбьерн Ягланд Түркия Адам укуктары боюнча Европа конвенциясын жана басма сөз эркиндигин сакташы керектигин эскертти. 

Түрк полициясы Zaman гезитинин редакциясына күч колдонуп кирди
Түркиянын журналисттер союзу сырттан камкорчулардын дайындалышын оппозициялык басылмаларга карата жасалган цензуранын жаңы ыкмасы катары баалашты. ЖМКнын ишине кийлигишип, журналисттерди куугунтуктоо басма сөз эркиндигин жоготот деп тынчсызданышууда. 

Белгилей кетсек, Стамбулдун соту Zaman гезитин башкаруу үчүн камкорчуларды дайындоо чечимин жума күнү, 4-мартта кабыл алган.

Буга чейин жеке Kanaltürk жана Bugün TV каналы, Millet Gazetesi гезити, Kanaltürk Radyo радиосуна сыртынан камкорчулар дайындалып, кийин жабылган. Камкорчулар өз билдирүсүндө ЖМК кирешелүү болбогондуктан жабылганын маалымдашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0