АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүдө Россия башкы ролду ээлегенин моюндады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДамаск шаары. Архив
Дамаск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Жон Кирби кырдаал боюнча эки ача пикирге карабастан Сириядагы жагдайды жүнгө салуу сүйлөшүүсүндө Россиянын орду маанилүү болгонун айтты.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Россия Федерациясы Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетектөөчү милдетти алганы пайдалуу болду. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Жон Кирби жума күнү брифинг учурунда билдирди.

"Биз Россия менен Сирия боюнча көп маселелерде кайчы пикирдебиз. Пикир келишпестик мындан ары да сакталчудай. Бирок РФ сүйлөшүүдө жетекчилик милдетти өзүнө алды. Бул ишке оң таасирин тийгизди", — деди өкүл.

Сирияда 27-февралдан тарта ок атууну убактылуу токтотуу режими ишке кирген. Бул боюнча макулдашуу Россия менен АКШнын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0