Европа лидерлери Путинден Сирия бийлигине таасир этүүсүн суранууда

© AFP / LOUAI BESHARAСириянын мамлекеттик желеги. Архив
Сириянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Женевада өтө турган Сирия боюнча талкуунун алдында беш мамлекеттин лидерлери телефондон пикир алмашышты.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Франция, Германия, Британия, Италия жана Россиянын жетекчилери конференц-коллго катышып, Сириядагы кырдаалды талкуулашты.

Анын жүрүшүндө өлкө башчылары Владимир Путинден сириялык бийликке таасир этүүсүн суранышты. Пикир алышуу 9-мартта Женевада белгиленген Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн алдында жүрдү. 

Сүйлөшүүгө бешинчи ким болуп катышары акыркы мүнөткө чейин белгисиз болду — ага Италиянын премьер-министри Маттео Ренцинин кошулушу кийинчерээк аныкталды. Телефондук конференцияда 27-февраль күнү күчүнө кирген ок атууну токтотуу боюнча режимди сактоо маселеси талкууланды.

АКШнын мамлекеттик департаменти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамдепартамент: ИМ Европада теракт жасоого даярданып жатат
Мамлекет башчылары орус-америкалык макулдашууларды жогору баалап, негизинен режим сакталып, алгачкы жемишин бере баштаганына токтотушту.

Европалык лидерлер Сириядагы саясий процесс тез аранын ичинде башталышы керектигин белгилеп, апрелге белгиленген парламенттик шайлоо боюнча эки ача пикирде болушту.

Владимир Путин шайлоо тынчтык процессине кедергисин тийгизбей турганын айтса, Франция президенти мындай кадам провокацияга алып келерин белгиледи.

Муну менен бирге лидерлер Путинди Дамаск бийлигине таасир этүүсүн суранышты.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Франция, Германия, Британия, Италия жана Россиянын жетекчилери башка гуманитардык көйгөйлөрдү биргеликте чечүү боюнча макулдашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0