Түркиянын 1800дөн ашуун жараны Эрдоганга тил тийгизди деп күнөөлөнүүдө

© REUTERS / Murat Cetinmuhurdar/Presidential PalaceТүркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив
Түркиянын президенти Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк мыйзамдары боюнча, президенттин атына шек келтиргендер айып пул төлөйт же төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайып Эрдоганды мыскылдап, шылдыңдаган деген 1845 жаранга карата иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул туурасында Адилет министрлиги Бекир Боздаг билдирди деп жазды РИА Новости. 

"Президентти шылдыңдады деп 1845 атуул күнөөлөнүп жатат. Силер бул мазактоолорду кызарбай-татарбай туруп окуйсуңар деп ойлобойм. Эч кимдин эркиндикти мазактоого акысы жок ", — деди Боздаг парламентте сүйлөп жатып.

Түрк мыйзамдары боюнча, президенттин атына шек келтиргендер айып пул төлөйт же төрт жылга чейин эркинен ажыратылат. Оппозиция бийлик Эрдогандын саясатына макул эместерди бул берененин жардамы менен жасап жатат деп күнөөлөп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0