Facebook соцтармагынын вице-президенти Бразилияда кармалды

Жазылуу
Топ-менеджер жакын арада укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө көрсөтмө берет. Ал шейшемби күнү эртең менен жумушка бара жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бразилиянын полициясы Facebook социалдык тармагынын вице-президенти аргентиналык Диего Хорхе Дзоданды колго түшүрдү.

Топ-менеджер Сан-Паулу шаарында жумушка бара жаткан жеринен кармалган. Соттун ордерине ылайык, Диего Хорхе Дзодан баңгизатка жана уюшкан кылмыштуулукка каргы күрөшүүнүн алкагында укук коргоо органдарынын WhatsApp тиркемесинен жашыруун маалымат берүү талабын ишке ашырган эмес. 

Террорчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети" террордук уюму Facebook менен Twitter негиздөөчүлөрүн коркутту
Facebook тармагынын Латын Америка боюнча вице-президенти жакын арада укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө көрсөтмө берери күтүлүүдө. 

Былтыркы жылдын декабрында Сан-Паулу штатынын соту компания бразилиялык Юстиция министрлиги менен иштешүүдөн баш тарткандыктан, аталган соцтармактын ишин өлкө аймагында токтотуу чечимин кабыл алган. 

Facebook социалдык тармагы 2004-жылы 19 жаштагы америкалык студент Марк Цукерберг тарабынан негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0