Керри: Россия менен АКШ Сириядагы террорчуларга каршы күрөшүү системасын түзөт

© Sputnik / Александр Максименко / Медиабанкка өтүүАКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен АКШнын ТИМ башчылары Сириядагы согуш отун басуу боюнча биргелешип күрөшө турган болду. Керри сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн жана террорчулукка каршы жасалуучу операциялар туурасында маалыматтар азырынча ачыкка чыгарылбай тургандыгын айтты.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россия менен АКШ биргелешип Сириядагы согуш отун басуу жана террорчуларга каршы күрөшүү максатында жасала турган операциялардын системасын түзөт. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри дүйшөмбү күнү маалымдагандыгын РИА Новости билдирди. 

"Биз операциялар кандай ишке аша тургандыгын талкууладык. Бул багытта Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бир нече ирет сүйлөштүк",— деди Керри. 

Анын айтымында, тараптар аткарыла турган операциялар чындыгында эле "Ислам мамлекетине" жана "Жебхат ан-Нусра" террордук уюмдарына каршы болоруна кепилдик берген система түзүү боюнча макулдашкан. 

Керри Москва менен Вашингтон "согуш отун токтотуу боюнча макулдашуунун бузулгандыгы туурасында маалыматтарга өтө олуттуу мамиле жасай тургандыгын" белгилеген.

"Аны коомчулукка алып чыгып талкуулабайбыз. Биз мындай катачылыктарды жоюуга аракет кылабыз", — деди ал.

Түркия Сирияга согуштук сокку урганы белгилүү болду
Согуш отун убактылуу токтотуу боюнча макулдашуу РФ менен АКШнын ортосундагы 22-февралдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин түзүлгөн. БУУНун Коопсуздук кеңеши Сириядагы согуштук чыр-чатакты токтотуу планы күчүнө киреээрине бир саат калганда өлкөдө аталган режимдин орношун белгилеген 2268 резолюция кабыл алган. 

Ал эми террористтик деп табылган "Ислам мамлекети","Жебхат ан-Нусра" жана дагы башка топторго чабуул улана бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0